«АФКнын вице-президентине талапкерлигимди Футбол федерациясы алды», – Семетей Султанов.
Кыргызстандын Футбол федерациясынын экс-президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президентине талапкерлигин койгондордун тизмесинде жок болуп чыкканы боюнча билдирүү жасады.
Буга чейин Султанов ирандык Мехди Тадж менен бирге Борбордук аймактан Азия футбол конфедерациясынын вице-президент кызмат ордуна талапкерлигин койгондугу маалымдалган.
2012-жылдын 7-декабрында Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенти болуп, 2019-жылы 10-январда өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Урматтуу достор! Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигимди Кыргыз Республикасынын Футбол…
Опубликовано Semetei Sultanov Суббота, 6 апреля 2019 г.