Акыйкатчы Токон Мамытов Суталиновду абактан бошотууну суранды

223

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу суранычы менен шаардык сотко кайрылды. Бул маалыматты акыйкатчы өзү тастыктады.

“Биз шаардык сотко кайрылдык. Жакын арада бул маселени Жогорку сот карайт экен. Мурат Суталиновдун ден соолугун, рак илдетинин акыркы стадиясы менен жабыркап келгенин эске алуу менен мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырам” деди Мамытов

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь