Балык уулоого кетип жоголгон жубайлардын биринин жансыз денесин табышты

Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын биринин сөөгү 7-апрель күнү көл жээгинен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, көлдүн жээгинен 39 жаштагы Юрий Новиковдун сөөгүн жергиликтүү тургундар көрүп, ИИМге кабар берген. Сөөк жергиликтүү өлүкканага өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын Кирпичный айылынын тургундары Юрий жана Роза Новиковдор 1-мартка караган түнү балык кармаганы чыгып, ошол бойдон дайынсыз болуп келишкен. 2-мартта Дархан жана Саруу айылдарынын орто ченинен жубайлардын бош кайыгы табылган. Бир нече күнгө уланган издөө иштери кийин натыйжа болбогон соң токтотулган болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь