Валентина Шевченко бүгүн күйөрмандары менен жолугат

274

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн “Бишкек парк” соода борборунда саат 16:00дө болору маалымдалды. Ал эми эртеңки жолугушуу, Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Кыргызстандык мушкер кечээ 7-апрель күнү машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келген. Аны апасы Елена Шевченко, күйөрмандары, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иштери агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, “Кулатуу Эр таймаш” (WEF) дүйнөлүк федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь