Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко катышты.
Президент машыктыруучу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээли, туруктуулугу, машыктыруучулук таланты жана өз тарбиялануучуларына терең ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Өзгөчө ыраазычылыкты Кыргызстанга дүйнөнүн көп жолку чемпионкасын тартуулап, өз колдоосу жана ишеними менен спорт дүйнөсүндөгү жеңиштердин туу чокусуна жеткирген апасы Елена Шевченкого билдирди.
«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңерге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков
Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады, Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды, Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко Кыргыз Республикасынын энчилүү сааттары менен сыйланышты.
Коноктор Мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырышты, алардын бирине — кол капка Президент Сооронбай Жээнбеков автограф калтырды.