Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы Кыргызстанга келет

165

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы жана Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак аймактагы турнесинин алкагында Кыргызстанга сапар менен келет. Бул тууралуу аталган уюмдун Кыргызстандан өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-9-апрель күндөрү боло турган сапары учурунда Мирослав Лайчак президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушаары күтүлүүдө. Анда ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу талкууланат. Ошондой эле, Лайчак аталган уюмдун Кыргызстанда иштегенине 20 жыл болгонуна байланыштуу уюштурулган иш чарага катышмакчы.

Эске салсак, Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тартып кирген, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь