Жол кырсыгынан инспектор набыт болду

Талас облусундагы жол кырсыкта 46 жаштагы инспектор каза болду. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы Боо-Терек айылында катталган. Анда инспектордун унаасы менен MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен милициянын прапорщиги Абдылдаев Жыргалбек окуя болгон жерден көз жумган.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь