“Беспредел KG” фейсбук баракчасы жансыз канаттуу менен түшкөн жарандын сүрөтүн жарыялап “Бул кушту атууга болобу” деп жазган. Социалдык тармактын колдонуучулары, атылган канатту кызыл китепке киргенин жана аны өлтүргөн жарандын жазага тартылышын талап кылып билдирүү жазышкан.
Маалымат сайттары сейрек кездешүүчү куш менен сүрөткө түшкөн жарандын социалдык тармагын дагы ачыкка чыгарышты. Ал Максат Калилов Ош шаарынын тургуну экени маалым болду. Калиловдун курал жарак менен түшкөн сүрөттөрү өзүнүн баракчасынан байкоого болот, айрым сүрөтүндө ал ИИМ кызматкеринин баш кийимин кийип түшкөн.
Бул маалымат учурда териштирилип жатат, бирок шектүүгө кандай жаза колдонуулары айтыла элек