“Биз эмне милдетибиз турса, ошону аткардык, ал эми арабдар эмнени кааласа ошону кыла алды” дейт Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы чыр боюнча аталган спорт түрүнүн федерациясынын жетекчилери жыйын куруп, арабдардын аларга карата туура эмес мамилесин нааразычылык менен билдиришти.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына болгон тандоо оюндарында тайпадагы Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды жеңип чыккан. Акыркы БАЭ командасы менен беттешке чыгар алдында калыстар тобу Кыргызстадын курамасында ойноп келген Александр Титовду оюндан четтетип, мурдагы оюндардын жыйынтыктарын жокко чыгарып, 0:20 эсеби менен саптын эң төмөн жагына түшүрүлгөн.
Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов: “Спортто легионерсиз болбойт. Титовду жөн гана шылтоо кылышты. Титов болбосо деле башкасын чыгарышмак. Александр Титовсуз деле биздин оюнчулар, 7:4 эсеби менен жеңишке жетишти.”
Кураманын капитаны Владимир Тонких: “Жогорку баскычка жетип калганда оюндан четтетип коюу оюнчулардан дагы биздин машыктыруучуга абдан катуу сокку болду деп ойлойм. Бирок биз эмне үчүн келгенибизди татыктуу көрсөтө алдык. Бизди колдогондор дагы абдан көп болду. Эң башкысы жеңиш менен кайттык”
Мурдагы оюндардын жыйынтыктары жокко чыгарылбаганда Кыргызстан Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алмак