Путин Орусиянын Коопсуздук кызматына Кыргызстанга байланыштуу чукул тапшырма берди. Ал эмне болгон тапшырма?

133

3- апрель күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматына Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы контрабандалык товарларга байланыштуу”бүдөмүк схема” өзгөчө текшерүүгө алынышын тапшырды. Ал эмне болгон тапшырма?

Путинге Россия Федерациясынын борбордук банкынын төрайымы Эльвиры Набиуллина тарабынан Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мыйзамсыз иштер тууралуу жолдонгон кат жөнүндө, ЖКнын депутаты Руслан Казакбаев 8- апрель күнү ЖКнын комитет отурумунда билдирди.
Депутат өкмөт өкүлдөрү анын суроосуна жооп бере албастыгын баамдап, КРнын мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүн кепке тартты.

Эл өкүлү эсептөө палатасына:“Казакстан менен Орусиянын Кыргызстанга дооматы барбы? Казакстан менен Кыргызстандын премьерлери контрабанда тууралуу талашып тартыштыбы? Сиз биздин ЕАЭБтин өкүлдөрү менен байланыштыңызбы? Путиндин эмне болгон тапшырмасы?”, деген сыяктуу суроолорду узатты. Себеби,биз аларга контрабанда үчүн чек ара жабылды же жок деген жооп берүүбүз керек”,- деди депутат Казакбаев.

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Султан Мамасадыков: 4- апрелден тарта Москвадагы өкүлчүлүк аркылуу бул иштер такталып жатканын айтты.
Белгилүү болгондой, январь айынын ортосунда РФнын Борбордук банкы, банктар үчүн чет өлкөгө которулган күмөндүү каражаттарды аныктоо үчүн методикалык сунуш даярдаган.

Мындай шектүү операцияга Орусиянын банк кеңселери текшерүү кассалык техникасыз аткарылган төлөмдөрүнө базар түйүндөрү да кирээрин билдиришкен. Аталган Борбордук банк Путинге жолдогон катта: Ай сайын ЕАЭБне кирген өлкө аралык импортто 10 млрд рублдан кем эмес “бүдөмүк” төлөмдөрдү аныктоо керектиги айтылган.

Каражаттар базарлардан алыс эмес жерден которулса, кабыл алуу Кытай менен Вьетнамдан келген товарлар түшүүчу Кыргызстан жана Казакстандын соода кампалары болууда, деп айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь