Украина: Дебат Зеленский сунуштаган шарттар менен өтө турган болду

197

Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенконун шайлоодогу атаандашы Владимир Зеленский менен болгон дебаты 14-апрелде өтөт. Бул тууралуу Порошенко жергиликтүү телеканалдардын биринде берген маегинде билдирди. Ал өз сөзүндө дебат Киевдеги 80 миң кишиге ылайыкташылган “Олимпийский” стадионунда саат 19:00-20:00 чамаларында (Бишкек сааты боюнча 23:00-00:00) өтө тургандыгын айтты.

“ Мен аны (Владимир Зеленский) жекшемби күнү республикалык стадиондо күтөм. Дебат Зеленский сунуштаган шарттар менен өтүш үчүн, бардык телеканалдарды жана көрүүчүлөрдү чакырамын”

Белгилей кетсек, Украинадагы президенттик шайлоонун 1-туруна талапкерлер куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Пётр Порошенко өткөн. Зеленский атаандашына бир канча чакырыктарды таштап, анын бири буга чейин эки талапкер тең канынын тазалыгы боюнча кан тапшырышкан.

Ал эми шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык дебат коомдук телерадиокомпаниянын базасында түз эфирде өтүшү керек болчу. Бирок Порошенко Зеленскийдин шарттарына макул экендигин билдирип, стадиондо өтө турган болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь