Чукул кабар: Күн сууктайт

233

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүп, күн сууктай баштайт. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-12-апрель күндөрү көпчүлук аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолу райондордо кар жаашы дагы күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь