Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ыплас сөздөрү Кыргызстандын маданиятын артка тартып жатат. Мындай пикирди бүгүн профессор, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев бүгүнкү “Eldik.Media” порталынын “Элдик талкуу” программасында маек куруп жатып билдирди. Ал өз сөзүндө:
“Экс президент деген институт, маданият болуш керек. Атамбаев андай институтту, маданиятты түзө албай жатат. Анын айынан кыргыздын маданияты артка тартылууда.” деди.
Ошондой эле, ал “Каалагандай чеги жок сүйлөп, айрым учурда эл өкүлдөрүнүн абройуна шек келтиргенин токтотсун. Сүйлөө маданиятын Роза Отунбаевадан үйрөнсүн”– деп кошумчалады