“Баламдын башы чабылган, тили чыгып, бети-башы ылай болуп калган экен”- Каза тапкан 7 жаштагы баланын атасы

292

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү үрөй учураган окуя болуп калды. Кылмышка шектүү окуучуну үйүнөн алдап алып чыгып, муунтуп өлтүргөндөн кийин денесин айылдагы эгин талаага көмүп койгон. Шектүү учурда Оштогу тергөө изоляторунда кармалууда.

Маалым болгондой, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрель күнү Ноокен районуна караштуу Масы айылында болгон. Өлүм менен аяктаган окуянын артында кылмышка шектүү 22 жаштагы жигит менен маркум окуучунун атасынын ортосунда акчага байланышкан маселе орун алганы айтылууда.

Кылмышка шектүү жигит ишкердин колунда жумушчу катары иштеп келген. Ишкердин ишенимине кирип, анын атын жамынып, туура эмес иштерди жасай баштаганда ал жумушунан четтетилген.

Өлтүрүлгөн өспүрүмдүн атасы (аты-жөнүн атоону калаган жок) окуя тууралуу өзүнүн пикирин айтып берди.

«Шектүү жигит буга чейин менин колумда иштечү. Жумушту жакшы өздөштүрүп кеткендиктен көңүлүмө туура келип, ишин улантып жаткан. Кийинчерээк ишеничке кирип алган соң, кампадан курулуш материалдарын урдап жатканын аны менен чогуу иштеген балдар айткандан кийин көңүлүм сууп калды. Иштеп жүргөн учурда үйүмдүн курулуш иштерин бүтүрүп алайын деп ал менден 150 миң сомго жакын товар алган болчу. Иштен чыгаар алдында алган карыздарын араң өндүрүп алган болчумун. Ал ортодо курулуш материалдарын дүң баада саткан дүкөңдөрдөн, уюлдук телефон саткан кеңселерден менин атымды жаздырып карыз алган экен. Ошентип арадан бир жыл өткөндөн кийин да аны жумушка алуумду, карызга товар берип туруумду өтүнүп келип жүрдү. Бирок мен аны жумушка алган жокмун. Мурда биз менен чогуу иштеп жүргөндүктөнбү 7 жаштагы уулум менен мамилеси бир туугандай жакшы болуп калган болчу. Уулум дагы аны аябай жакшы көрүп, аны ага деп жанында жүрчү.

4-апрель күнү мен дүкөндө соода кылып отургам, уулум мектептен келип, үйгө кирип кетти. Негизи мектептен келиши менен кийимдерин алмаштырып чыгып, мага каралашчу. Кечирээк үйгө келсем уулум жок, өз алдыбызча издей баштадык. Түнкү 12:00 чамасында милицияга кабар бердик. Ушул эле күнү баламды өлтүргөн жигит 3-4 жолу келип, чоң өлчөмдө курулуш материал керектигин айтканда мен берген эмесмин. Көрсө ал уулумду үйдүн артынан алып чыгып, талаага алып барып муунтуп өлтүрүп койгондон кийин мага келиптир.

Уулум мага аябай жакын болчу. Муну билген шектүү атайын жасады. Ата үчүн эң оор нерсе баласынын сөөгүн өлүкканадан көрүү экен. Мен өлүкканага барганда баламдын башы чабылган, тили чыгып, бети-башы ылай болуп калган экен. Кантип адам баласы ушундай кадамга барсын?», – дейт баланын атасы.

Ал белгилегендей, чынында эле ага уюлдук телефон аркылуу байланышып, 120 миң доллар акча талап кылышкан. Милициядан алынган маалыматка караганда, шектүү баланы өлтүргөндөн кийин денесин Масы айылындагы талаага алып барып көмгөн. Учурда бул окуя боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

«Ушул жылдын 5-апрелинде Ноокен районунун Масы айылынын тургуну өзүнүн 2012-жылы туулган баласы жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Анын арызы Ноокен РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө баласын белгисиз жаран уурдап кеткендиги катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси боюнча сотко чейинки жазык-өндүрүштүк иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде Ноокен районунун Масы айылынын тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө баланы уурдап кетип, арадан 1-2 саат өткөндөн кийин аны муунтуп өлтүрүп, аталган айылдагы эгин талаага алып барып көмүп койгондугун билдирген.

Ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө сотко чейинки жазык өндүрүштүк иши алынып, кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга баш коргоо чарасы, камакка алуу түрү тандалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат», – деди Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын башчысы Азамат Төраканов.

Маалым болгондой, өспүрүм райондогу №2 С.Ногоев атындагы мектепте 1-кластта окуп жаткан.

Буга чейин Жалал-Абаддагы Ноокен районунда өзгөчө оор кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү 7 жаштагы баланы өлтүрүп, көмүп койгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Булак “Turmush”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь