Апасынын туулган күнүн, жолдун ортосунда, «Mercedes-Benz Gelandewagen» унаасынын жардамы менен куттуктаган баланын видеосу социалдык тармакка жарыяланган. Анда 2 кара түстөгү авто, жүрүп келе жаткан унаанын алдынан тороп токтотуп, ичиндеги айымга гүл белекке беришкен.
Бул окуя боюнча ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, айдоочуга тиешелүү чара көрүлөөрүн билдирген.