Жалал-Абадда каракчылыкка шектүү адамдар кармалды

227

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында шектүү делген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-апрель түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Кара-Көлдүн чет жакасында «Subaru» үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары аны кууп, тапанча менен коркутуп, эки миң сомдон ашык акчасын алып кетишкенин айткан.

Аталган окуяга шектүү катары 3 жаран кармалды, алардын бири 17 жашта экени айтылууда. Унааны тинтүү маалында ичинен тапанча, бычак, акча жана документтер табылган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь