Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосунда маек учурунда, журналисттин “Азыркы бийликке, президенттин жакындарынын таасири кандай?” деген суроосуна эл өкүлү “Таасири байкалбайт, мен парламентте жүрөм ал жакта байкалбайт” деди
“Учурда бийликти жамандаган Карамушкина болуп жатат, адан сурап көргүлө, айтсын. Мейли мени кошоматчы деп коёлу. Эмне деп таасир берип жатыптыр? добуш бергиле деппи, же бөлмөсүндө кабыл алып жатыптырбы?”деп кошумчалады Шыкмаматов