Чүй облусунун Сокулук районунда бир жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма-сөз кызматынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева билдирди.
Анын маалыматына караганда, табылган жансыз денеге ок тийген. Учурда бул факт боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, иликтөө иштери башталды.