Бишкектеги Сот департаментинин имаратынан 15 ноутбукту уурдоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, апрелдин башынча милицияга ноутбуктар уурдалганы тууралуу арыз менен департаменттин статс-катчысы кайрылган. Анын айтымында, 1-марттан 29-мартка чейинки аралыкта белгисиз киши департаменттин имаратка кирип Aser ТМР 259-G2-M-C маркасындагы 15 ноутбукту уурдап кеткен.
Алардын жалпы баасы 700 миң сомду түзөт. Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалды. Анын үйүн тинтүү учурда уурдалган 11 ноутбук табылган.