Кыргызстанда Орозо айы быйыл болжол менен 6-майда башталат. Бул тууралуу КР мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Бул күн айдын жаңырышына карап өзгөрүүсү мүмкүн. Ошондуктан Орозо айынын башталаарына 4-5 күн калганда так белгилүү болот.
Кененирээк маалымат Орозого жакын калганда берилмекчи. Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.
Эске салсак, 2018-жылы Орозо айы 17-майда башталган.