ВИДЕО: Күйүп жаткан унаадан балдарын куткарып калды

370

Австралиянын тургуну күйүп жаткан унаанын ичинен 2 баласын алып чыгып, куткарып калды. Маалыматка ылайык Кэтрин Мэйс 2 баласы менен сейилдөөгө барууга камынып, унаасы от албай жаткандыктан, ал агытуу аккумулятору менен автону жүргүзгөн.

Сейилдөө бакчасына жеткен учурда унаанын аккумулятор тарабы жарылып, айнектери чачырап, орундуктары күйүп жатканын көргөн Кетрин унаадан түшүп, балдарын куткарууга аракет жасаган.

Видеодо байкалгандай, экинчи баласын унаадан алып чыгуу бир нече убакытты алды. Бактыга жараша 2 баласын чыгарып алган соң авто күйүп баштаган.

Кетрин өзү бул окуяны коркуу менен эстейт. Ал “Балдарды чыгарып алууга менде 1 мүнөт бар болчу. Эгерде машинанын аккумулятору жүрүп бара жатканда жарылган болсо, наристелеримди сактап калуу мүмкүн болмок эмес” деп билдирген

Dramatic footage of Canberra mum dragging babies from car seconds before it explodes

A Canberra mum is shown saving her babies from a car only seconds before it explodes in flames in the car park near the Gordon Adventure Playground on Friday (April 5). The CCTV came from the security camera of a nearby townhouse. Read full story here – http://ow.ly/kwOc50psyk1

Опубликовано The RiotACT Воскресенье, 7 апреля 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь