UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына болгон сапары кандай өткөнүн билдирди. Спортсменкага жергиликтүү тургундардын меймандостугу өзгөчө таасир калтырды. Мүмкүнчүлүк болсо Ош шаарына дагы келип, 1 жума эс алып кетээрин кошумчалады
Эске салсак, Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов 9-апрелде Ош шаарына учуп барган. Ошол эле күнү күйөрмандары менен Ош шаарынын аянтында жолугушуп, спортсменка өзүнүн кара жорго, лезгинка бийи менен элди таң калтырган.