КСДПсыз жаңы коалиция түзүү сунушталды

192

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев парламенттеги эң чоң фракция деп эсептелген КСДПсыз жаңы коалиция түзүлүшү керектигин билдирди.

“Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалиция 4 фракциядан куралган деп айтылганы менен «Республика-Ата Журт» өткөн жылы коштурулган болчу. Мыйзам талабына ылайык коалиция түзүлөт. Анда кошулуу же алуу деген түшүнүк жок. Партия бийликке ачык оппозицияга чыгып жатса, ошол партиянын эң чон фракция өзү бийлик болуп турса кандай түшүнсөк болот. СДПК жөнүндө айтып жатам. Убакыт келди төрдү бошотуш керек.”,-деди Масалиев

Депутат Масалиев убакытты созбой тез арада жаңы коалиция түзүлүшү керектигин сунуштап, ага КСДПдан башка бардык фракциялар кошулуш керектигин айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь