Кыргызстанда “Ден соолук” жумалыгы өтүүдө

113

Кыргызстанда жыл сайын уюштурулуучу “Ден соолук” жумалыгы өтүп жатат. Жумалык Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында эл аралык жармаңке менен башталды.

Ага 18 өлкөдөн (Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Польша, Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус, Германия, Литва, Украина, Словакия, Түштүк Корея жана Түркия) 80ден ашуун компания катышып, медицина жана саламаттык сактоо жаатындагы жабдуулар менен товарларын коюшат.

Иш-чараны өкмөткө караштуу Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттик Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге өткөрүүдө. Ошондой эле өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өтүп жатканын Саламаттыкты сактоо министрилигин басма-сөз кызматынын жетекчиси жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка караганда аймактагы дарыгерлер тургундар үчүн кан басымды, кандагы канттын өлчөмүн текшерүү жана көздү медициналык кароодон өткөрүү акциясын жүргүзүшкөн. Мындан сырткары аймактардагы окуучулар, студенттер ден соолукту чыңдоого, даңазалоого багытталган флешмобдорду уюштурушууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь