2019-жылдын башында бекитилген бюджетке ылайык Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлүшү керек. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева “Республикалык бюджетке кирген, апрель айы болду эмнеге алигиче каржылоо боло элек” деп суроо салды. Бирок, эмне үчүн токтолуп жаткандыгына так маалымат ала алган жок.
Маалым болгондой, Улуттук илимдер академиясына 2019-жылы атайын эсептен 19 млн.сом каралган. 2018-жылдын статистикасына таянсак академияда орточо айлык маяна 7 миң 601 сомду түзөт.