Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Азаттык” үналгысында болгон түз эфирде айрым саясатчылардын жүргүзгөн саясатына баа берди. Ал сөзүндө элдин көңүлүн буруу үчүн аракет кылгандар мамлекеттин алдыга жылуусуна кызыктар эместигин айтты:
“Саясат парламенттин ичинде жана сыртында болуп келген. Буну эч ким токтото албайт. Бирок саясатты сыртта жана ичте туруп жасап жаткандардын көбүнө ызы-чуу эле керек. Өздөрүнүн билдирүулөрү менен элдин көңүлүн буруп, аттарын чыгарып турса болду. Булар мамлекеттин, экономиканын алдыга жылышына кызыктар эмес. Көпчүлүгү 2020-жылдагы боло турган шайлоонун саясатына аралашуу максатын гана көздөйт”,-деди Сулайманов
Ошондой эле эл өкүлү өкмөттүн ишине баа берип, учурда алардын аракети майнапсыз болуп, түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатканын айтты