Жалал-Абад облусундагы айылдарды сел каптады

273

Кече катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузакта үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басм-сөз кызматы кабарлады. Малыматка караганда, коктулардан келген суу ички чарбалык арыктан ашып, селге айланган.

Натыйжада сел райондун Багыш айыл аймагына караштуу Караган жана Кызыл-Туу айылдарындагы 9 турак-жайдын короосун каптап кеткен. Кырсыктын кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнөн тиешелүү техника тартылып, учурда 35 куткаруучу жергиликтүү тургундар менен чогуу иштешүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь