“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулмакчы. Мындай маалыматты бүгүн маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтөт. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычында Кыргызстандын жети облусу, республикалык маанидеги эки, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар жана 73 калктуу аймакка коюлат. Ошондой эле, ал 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт жана беш жылда бюджетке 20 миллиард сомдой каражат түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.