Милиция кызматкерлеринен токмок жегенин айткан жарандын кайрылуусу чындыкка дал келбейт

312

Социалдык тармакка өзүн Абжал Нурбеков деп тааныштырган жарандын кайрылуусу талкууга түштү. Анда ал Жалал-Абад шаарынын милиция кызматкерлери ур-токмокко алып кылмышты моюнга алдырганын айтып, апасынан кечирим сураган. Өзү кабарлагандай Нурбеков Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну болот.

Укук коргоочулар элди коргойбу же кордойбу? Кылдат текшериниздер бул ишти.

Опубликовано Эльвирой Элей Среда, 10 апреля 2019 г.

Бул боюнча Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, аталган маалыматты четке какты. Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган Абжал Нурбеков буга чейин 1 ай мурда, бангизатты мыйзамсыз алып сатуу иши боюнча издөөдө жүрүп, текшерүүгө алганда жанынан көп өлчөмдөгү наркотикалык зат табышкан.

“Бул баланы милиция кызматкерлери урду деген маалымат жалган. Анткени наркотикалык заттар менен кармалган учурда, милиция бөлүмүнө алып келгенде, сурак жүргөндө атасы жанында жүргөн. Медициналык байкоодон өткөндө дагы, денесинде жарааты жок деген жыйынтык чыккан. Ал эми убактылуу кармоочу жайдын ичинен өз ара чырдашып, денесиндеги жараат ошодон болушу мүмкүн”, -деп билдирди Жалал-Абад ОИБнын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев

Андан тышкары облустук милиция интернетке бул маалыматтын тарап кетүүсү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилейт. Учурда тасма кайсы жерде, качан тартылганы белгисиз

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь