Президент Жээнбеков элге ыраазычылык билдирди

185

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, акыркы мезгилде коом ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өткөнүн белгиледи.

Президенттин баамында, аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү:

“Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты, коомдун биримдигин –башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады.
Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин далилдеди”
,-деп кошумчалады өлкө башчы

Сооронбай Жээнбеков калыстыкты, адилеттикти туу туткан элге тереӊ ыраазычылык билдирип өттү

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь