“Сот-укуктук реформа – мамлекеттин өнүгүүсүнө түздөн түз таасир этүүчү процесс. Реформанын аткарылышы менин жеке көзөмөлүмдө”, деп белгилеген президент, коррупция менен күрөшүүнү улантып жатканын кошумчалады.
” Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр, реалдуу ишке ашырыла баштады. Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды. Коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбойт! Коомду коррупциядан тазалоо процесси токтобойт, артыкчылыктуу багыт катары уланат”
Андан тышкары региондордо дагы бир топ өнүгүү болгонун белгиледи:
“Өткөн жылы жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди. Региондорду өнүктүрүү саясатын ишке ашырууда биз өлкөдөгү каржы уюмдарынын каражатын элетке бура алдык. Айылды колдоо багытында ушул көрсөткүч негизги кыймылдаткыч күч болуп калды” деп кошумчалады президент