Президент: “Элди көчөгө чыгарып эмес, мыйзам талаасында чечилет!”

323

Жогорку Кеңештин трибунасында сөз сүйлөгөн президент, өзүнүн ишмердүүлүгүн, мамлекет башчы катары аткара турган милдетин айтып, бир ууч топко кызмат кылам, уурулугун жашырам деп убада бербегенин баса белгиледи. “Мен элдик Президент болом деп убада бергем”,-деди мамлекет башчы

“Эл арасынан чыктым, эл ичине таза абийирим, жакшы ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим, кылган эмгегим – таза. Мага жалган жалаа жукпайт. Апрель окуялары, Июнь коогалаӊдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм. Элдин ынтымагынын баасын, баркын абдан жакшы билем”деди мамлекет башчы

Президент коррупцияга малынгандардын, уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштерге монополия орноткону – өлкөгө чоӊ залалын тийгизгенин кошумчалады

“Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Ар калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурууда. Баардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат. Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилет”

Ошондой эле коомдун тынчтыгын бузуп, экиге бөлүүгө аракет кылгандарга жол берилбей турганын айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь