Кечээ 10-апрель күнү Бишкектеги ооруканалардын бирине катуу сабалган 2 кишини, белгисиз жарандар таштап кетишкен. Экөө тең жандандыруу бөлүмдөн көз жумушкан. Бири 36 жашта болсо, экинчисинин жашы 45 чамасында экени маалыматта айтылат. Андан тышкары, алар кылмыштуу топтун мүчөлөру катары каттодо турганы дагы маалымдалган.
“2 адамды өлтүрүүгө шектүү катары “Дөө” каймана аты менен кылмыш дүйнөсүнө таанылган 38 жаштагы Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке издөө жарыяланды” бул боюнча ИИМден кабарлашты
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагулов 1981-жылы туулган . Бейбашчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кылмыштуу топту уюштурууга катышуу, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери менен күнөөлүү деп табылып, жазасын өтөп жаткан. Үй камагына 2019-жылдын февраль айында чыкканы маалым болду