Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы зордуктап жүргөн 14 жаштагы кыз көз жарды. Азыр эне-баланын абалы жакшы. Бул тууралуу облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гулбара Кенжебаева билдирди
Маалыматка ылайык өспүрүм 5-апрель күнү кесарево жолу менен уул төрөгөн. Ымыркайдын салмагы 2 килограмм 400 грамм. Дарыгерлер ымыркай менен апасын эртең “Ак жүрөк” кризистик борборуна өткөрүп беришээрин айтышты.
Ал эми «Ак Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова өспүрүмдүн туугандары менен сүйлөшүп, эне-баланын кийинки тагдыры тууралуу кеп козголгонун айтат.
«Учурда кыз өзү ымыркайды “эмизбейм, бакпайм” деп таптакыр баш тартууда. Жакындары менен дарыгерлер да 14 жаштагы секелек баланы карай албай турганын айтышкан» — дейт Асылбекова. Ал эми өз кызын зордуктаган ата абакта.
Эскерте кетсек, Өзгөндө өз атасы 14 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү ушул жылдын февраль айында белгилүү болгон. Ал кылмышын мойнуна алган. Кыздын апасы болсо алты жыл мурун каза болгону белгилүү.
Булак: «Т-Медиа»