Кыргызстанда расмий эсеп боюнча балдардын 43 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт. Адистер мунун башкы себеби кенже жаштагы балдардын туура эмес тамактанышы менен байланыштырышат.
Бул үчүн БУУнун “Мерсико” кайрымдуулук фондунун долбооруна кирген 430 мектептин окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулууда. Мында ар бир балага күн сайын микроэлементтер менен байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк майы менен ар түрдүү тамак-аштарды даярдап беришүүдө.
Мындай маалыматты бүгүн саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынын өкүлү Жылдыз Айгерчинова билдирди. Маалыматка караганда, 2018-2021-жылдар аралыгында “Мерсиконун” долбоору менен Кыргызстандагы 430 мектептин башталгыч класстарындагы 86 миңден ашуун балага ысык тамак уюштуруу пландалган.
Жалпы суммасы 1,5 миллион доллардан ашык жардам көрсөтүлүп, айрым мектептердин ашканасы, дааратканалары толук оңдолуп, санитардык-гигиеналык шарт түзүлөт. Аталган долбоордун максаты жергиликтүү тургундарды ден соолуктарына кам көрүп, туура тамактанууга жана спортко үндөө. Эске салсак, мындай камкордук 2012-жыдан 2017-жылга чейин уюштурулган. Анда жалпы 154 мектеп жана 481 бала бакчага ысык тамак үчүн 55 миллион сом жумшалган.