Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда Улан Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу маркумдун досу Каниет Жыргалбеков «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.
Мындай чечимди жергиликтүү тургундар өздөрү кабыл алган. “Анткени, мыкты журналисттин ишмердүүлүгүн терең баалачуубуз”,- дешет алар. Маалыматка ылайык, көчөнүн узундугу эки чакырым.
Опубликовано Каниетом Жыргалбековым Пятница, 12 апреля 2019 г.
«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө каза болгон. Бир топ иликтөөлөрү эл оозуна алынып, коррупция иштерин ачыктаган.