ВИДЕО: Кантта бала уурдаган шектүү маршрутканын айдоочусу

401

Кантта жоголгон Данил Браилкин кече, 11-апрель күнү кечинде,Бишкектин Панорама деп аталган аймагынан табылды. Шектүүлөр баланы жер төлөөдө кармап отурушкан жеринен колго түшүрүлдү. Маалыматтар боюнча, Данилдин ден соолугу жакшы. Ата-энесине тапшырылды.

Сурак учурунда шектүүлөр баланы акча үчүн уурдашканын билдиришти. Алар Данилдин ата-энесин буга чейин таанышчуу. Кант шаарынын тургундарынын айтымында, бала уурдаган жарандын бири коомдук унаа айдап иштейт. Аны жергиликтүү элдин көпчүлүгү тааныйт

Эскертке кетсек, өспүрүмдү кече эртең менен мектепте бара жаткан жеринен Кант шаарынан Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видео көзөмөлгө түшүп калган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь