“Мен саясаттан кеттим” деп, кеткен Бабанов акыркы президенттик шайлоодон кийин утулуу ызасын тартып, “мамлекеттин тынчтыгы учун” деп, чыгып кеткен эле… кайрадан 1.5 жылдан кийин мекенине кайтып келем деши эмнеден кабар берет?
Саясатчынын тарапташтары аны эртен 13- апрель күнү тосуп алуу үчүн Өкмөт үйүнүн алдына митинг өткөрүү боюнча Мэриядан уруксат сурап кайрылышкан. Шаардык бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бирок, ага карабай Бабановдун колдоочулары митинг кылабыз деп жатат.
Кээ бир саясатчылар ал сыртта туруп алып мамлекеттик денгээлде дүрбөлөң кылышы туура эмес десе, колдоочу тарап Бабановдой көрөгөч саясатчыга эл суусап тургандыгын айтышууда.
Деги эле, Бабанов келсе саясий кырдаалга өзгөртүү киргизе алабы? Бул тууралуу саясатчылардын пикирин уктук.
Бул талкууга 2017- жылкы шайлоодо О. Бабановго тандем болуп партиясын бириктирүү максатын көздөп жүргөн Камчыбек Ташиев да катышам деп сөз берген эле.
Үч күн мурда байланышып 6-7 жолу телефон аркылуу байланышкан элек. “Eldik.Media” порталынын эң негизги суроосу бар болчу… Ал: “Камчыбек Кыдыршаевич, сиз Бабановду бир саткан киши экинчи жолу да сатат деп, Бакыт Төрөбаевге акыл үйрөттүңүз эле… Буга кандай дейсиз?” деген суроо болчу…
Бирок тилекке каршы акыркы мүнөттөрдө анын жардамчысы Нургазы студиябызга телефон чалып, “өйдө жактан чалуулар болду” деген жүйөө менен эфирге келбестигин маалымдады.
Эгер, Камчыбек Ташиев мырза окуп калса жогорудагы сурообузга жооп берээр деген ишеничтебиз.