Эл өкүлү Ирина Карамушкина кечээ Кант шаарында жоголгон өспүрүмдү тапкан ыкчам тергөө тобунун ишине ыраазы болду. Эл өкүлү мындай кылмыш окуялардын өткөн жылдагы статистикасына кызыкты.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин берген маалыматтары боюнча, бала уурдоо фактысы кечээки окуяны эске албаганда, акыркы жолу 2015-жылы болгон. Өткөн жылы өспүрүмдөрдүн катышуусундагы мындай окуя катталган эмес.
2001-жылдан бери 34 жашы жете элек бала бүгүнкү күндө издөөдө.