Өмүрбек Бабановдун мамлекетке кайтып келүүсү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов пикирин билдирди. Бул боюнча Еlgezit.kg жарыялады. Турускуловдун айтымында, Бабанов өлкөдөн кетип жатканда да, эми келээринде дагы алар менен кеңешкен эмес.
“Өмүрбек Бабанов мамлекеттен чыгып кетип жатканда да биз менен кеңешкен эмес. Бул ирээт дагы кеңешпей эле келгени жатат. Массалык Маалымат Каражаттарында бул тууралуу талкуу абдан кызыды. Мындай жол менен келбей эле койсо болмок”
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.
УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.
Жыргалбек Турускулов: «Өмүрбек Бабанов келе турганын жарыялабай эле койсо болмок» (видео)
Жыргалбек Турускулов: «Өмүрбек Бабанов келе турганын жарыялабай эле койсо болмок» (видео)
Опубликовано Eldik.Media Пятница, 12 апреля 2019 г.
Еlgezit.kg редакциясы