Курбанбай Искандаров эмне себептен кызматынан алынганы айтылды

393

Курбанбай Искандаров мамлекеттик кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Эл өкүлү Таабалды Тиллаев Өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча өкүлүнүн кызматтан эмне себептен алынгандыгы боюнча суроо салды.

– Мен аны мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн алдым. Бирок Искандаровдун мага кабар айтпай, башка жерде таратып жүргөнү мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Таратып жүргөнүн ушул жердеги кызматташтар айтты го, «бизге алып келип берди» деп. Өзү бергенин мойнуна алды.

Депутат бул бир тараптуу чечим экенин эскертип, анда Жеңиш Разаковду да кызматтан четтетүү керек беле деди.

Жеңиш Разаков менен күнөөсү жок деп иштешип жатам. Вице-премьер-министрдин күнөөсү тастыкталса ага да чара көрүлөт.

Депутат Тиллаев Искандаровду бир сөз менен эле кызматтан алынганын да сынга алды.

Эскерте кетсек, Курбанбай Искандаров бир нече жыл өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү болуп иштеп келген. Өзүнүң берген арызына ылайык, 9-апрелде жумуштан алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь