Бишкекте изделип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Дөө” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды.
Эске салсак, 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар, экөө тең каза тапкан. Алардын өлүмүнө шектүү катары Чыңгзы Жумагуловко издөө жарыяланган болчу