К.Жунушалиев: “Уюшкан кылмыштуу топтор болгон жана боло берет”

197

“Уюшкан кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет”, деген оюн билдирген ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, кылмыштуу топ ар бир мамлекетте бар экенин белгиледи. Мындай оюн депутат Ирина Карамушкинанын “Акыркы учурда кылмыштуулук көбөйүп жатат, кандай иш чараларды жүргүзүп жатасыңар?”, деген суроосуна жооп катары билдирди.

“Уюшма кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылышат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи? – деди Жунушалиев

Андан тышкары, Кашкар Жунушалиев 2018-жылы өспүрүм балдарды урдоо фактысы катталбаганын билдирди. Анын маалыматында, кече күнү Кантта катталган окуяны эске албаганда, акыркы жолу бала урдоо фактысы 2015-жылы катталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь