Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн отчётуна байланыштуу айрым тармактагы кемчиликтерге токтолду:
“Уюшкан кылмыштуу топтун кылмыштары күчөдү же милицияга бийликти бирөө бербей жатабы? Китептер ката менен чыгып жатат, саламаттык сактоо тармагында акысыз эч нерсе жок”. Бекешев докладда кооз жазылганын айтып, уксаң Кыргызстан эмес өтө өнүккөн өлкөдөй сезесиң дейт.
Бул боюнча Абылгазиев жооп берип, тез чечиле турчу маселе эместигин билдирди:
“Аракеттерди кылабыз, бирок тез болбой жаткандыгына мен өзүмдү-өзүм дагы сындайм”,-деди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчётун угууда.