Президент Сооронбай Жээнбеков 15-16-апрель күндөрү расмий визит менен Германияга барат. Маалыматтарга ылайык, президент ал жакка Германиянын канцлери Ангела Меркелдин чакыруусу менен бара жатат.
Мамлекет башчынын Германияга боло турчу биринчи расмий визити Бавариянын борбору – Мюнхен шаарынан башталат. Ал жакта Бавариянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, бизнес-форум өткөрүп, Ханнса Зайдел атындагы фонддо мамлекет башчысынын сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Ошондой эле кыргызстандык мекендештер менен жолугушуу өткөрүү да пландалган.
Андан соң, 16-апрелде Берлинде Сооронбай Жээнбеков менен ГФРнын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен болгон башкы саясий жолугушуусу өтөт.
Белгилей кетсек, Германиянын канцлери Ангела Меркель 2017-жылы Кыргызстанга келип кеткен.