Өткөн 2018-жыл кыргыз өкмөтү үчүн олуттуу жыл болгондугун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция бүгүн өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу отчётун угууда.
“Дарегибизге конструктивдүү сындар дагы болду. Бул сындарды өкмөттүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана үзүрлүү иштөөгө чакырык катары кабыл алдык. Мамлекеттик органдардын ишин ачык айтып, жоопкерчиликсиз 6 министр жана 13 аким кызматынан бошотулду. Биздин максат элдин аткаруу бийлигине болгон ишенимин арттыруу”,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ал ошондой эле өкмөттүн биринчи күнүнөн тартып кызматташып жаткан парламентке ыраазычылыгын билдирип өттү.