Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшебаев менен жолугушуп, 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.
«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Өз кезегинде Талант Дүйшебаев өз мамлекети тарабынан берилген сыйлык үчүн кыргыз элине жана өлкө башчысына ыраазычылык билдирип, бул ага сыймык жана жоопкерчилик экенин баса белгиледи.