Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттин бюджетине миллиарддаган акчалар түшпөй калып жаткандыгын айтты. Фискалдаштыруу механизми ишке кире турган болсо ачык салык төлөгөн система орнойт.
“Ар бир сатылган товарга ошол механизмди киргизиш керек. Ошондо ким канча товар алып жатат, сатып жатат жана канча пайда таап жаткандыгын, мындан тышкары салыкты төлөп жаткандыгын ачык биле алабыз. Азыр айрымдары айлыгын жашырышып, 50 пайызын төлөбөйт. 10 миңин официалдуу көрсөтүшөт дагы, 2 0миңин конверт аркылуу берет. Анын барын билип жатабыз”.
Премьер-министр казак-кыргыз чек арасындагы токтоп турган автоунаалар Дордой базарынын ишкерлеринин кылгандыгы дейт. Товарга болгон чен кичине көтөрүлсө, төлөөдөн баш тартышып митинг жараткандыгын жүйө келтирди.