Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт курамы Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчёт берди. Өкмөт башчынын билдирүүсүнөн кийин депутаттардын суроо-жообу менен уланды. Анда өлкөдө жасалып жаткан иштер, айрым кемчиликтер да айтылды.
Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын колдоосуна ыраазычылыгын билдирди: “Өзүңүздөр түзгөн өкмөттү колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат. Кемчиликтерди айттыңыздар, бул жыйынтык чыгарып иштегенге сабак болот”
Буга чейин Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн болчу.
Кошумчалай кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган