2020-жылга карата Кыргызстанда 77 миңдей адам иш менен камсыз болот. 6,5 миң орун чоң ишканалардын ачылгандыгына байланыштуу болсо, калганы кичи, орто ишкердик жана жеке жактар түзгөн жумуш орундар. Бул боюнча бүгүнкү өкмөттүн отчётунда маалымдалды.
Депутат Өмүрбек Бакиров Москвадагы мигранттар кийинки жылды “2020-жыл Мекенге кайтуу жылы” деп жарыялоону тилеп жатышат деди. Чет жакта жүргөн мекендештерди өлкөсүнө кайтууга шарттарды түзсөк деген сунушун берди